Жакынкы эле күндөрү Ө.Бабанов Кара-Суу районунун эли менен жолугуп жатканда шайлоочулардын биринин “Россия мыйзамы өзгөрүп, биздин айдоочулук күбөлүктөрүбүз жараксыз болуп калууда” деген суроосуна мындай деп жооп бериптир: “Биз ЕАЭБге кирип алдык, ал жакта биздин атайын өкүлдөр бар. Мен казак президентинин ЕАЭБдеги өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн көрдүм. Алардын Казакстандын кызыкчылыктарын кандай коргоп жатышканы тууралуу айтты. Биздин өкүлдөр да профессионал болушу керек, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого жарай турган. Азыр ким олтурат бизден? Мамлекеттик кызматтан каникулга кеткендерди жиберишет. Албетте, Россия өз кызыкчылыгын коргоп, жол кырсыгын азайтууну көздөп ошондой тартипти киргизүүдө. Бирок биздин өкүлдөр Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн талашып-тартышып, атайын бир убакыт алып, биздин мекендештер ошол учурда алардын тартибине туура келгидей даярданып экзамен тапшырса болгудай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек болчу да” – деп белгиледи Өмүрбек мырза. Туура сөзгө ынанбай да коё албайсың.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ