Президентгик шайлоодо негизги кармаш Бабанов менен Жээнбековдун ортосунда болорун билермандардын баары айтып чыкты. «Калк айтса, калп айтпайт» болуп, этегинде элдин айтканы эле келет. Аны жакшы билген айрым президенттикке талапкерлер эмитен эле Өмүрбек мырзага сөз айттырып, киши салып, «биригели» деген ишараттарын жасап жатканы жөнүндө кулагыбыз чалып калды. «Күч атасын тааныбайт» дегендей, Бабанов мырза ушул күндөрү андай чала талапкерлерди эле эмес, бүтүндөй Акүйдүн үшүн алып турганы жашыруун эмес. «Кел-кели» келип турган Өмүкени калың кыргыз эли күзүндө төбөсүнө көтөрүп, хан шайлап алаарына ишенбеске да арга калган жок. «Иши жүрүшөрдүн ити чөп жейт» деген ушу да…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ