Menu

Сооронбай Жээнбеков жарандарды жеке кабыл алууну өткөрдү

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков өлкө жарандарын жеке кабыл алууну өткөрдү. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.

Өкмөт башчы менен болгон жолугушууда жарандар өздөрүнүн бир катар көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышты. Ошондой эле алар тарабынан көтөрүлгөн маселелерди чечүү каралды. Анын ичинде, айыл чарба, мал чарбачылыгын, маданият тармагын өнүктүрүү боюнча чаралар тууралуу демилге айтылды. Ошондой эле жарандардын оор каржылык абалына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Өкмөттүн ишмерлдүүлүгүндөгү башкы милдеттердин бири жарандардын жашоо шартын жакшыртуу болуп саналат. Буга байланыштуу мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлинде орто жана узак мөөнөнттүү стратегиялык программа ишке ашырылууда.

Өкмөт башчы белгилегендей, бардык көтөрүлгөн маселелер көзөмөлгө алынат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жарандарды кабыл алуунун жүрүшүндө көтөрүлгөн көйгөйлөрдү жана маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү жана жардам берүү тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: