Түркмөнстанда «Ай Назар» деген аталыш менен жаңы уюлдук байланыш компаниясы ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн 23-июндагы жыйынында белгилүү болду. Анда өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаңы мобилдик байланыш операторун түзүү сунушун колдоп, тиешелүү тапшырмаларды берди.
«Түркмөн-Телеком» компаниясындагы өз булак жаңы компаниянын аталышы Айнабад жана Назар деген ысымдардын кыскартылып айтылышы экенин билдирди. «Жергиликтүү жаңы уюлдук байланыш оператору июндун аягында, өлкө башчынын туулган күнүнө (29-июнь) карата ачылат деп болжолдонууда. Виртуалдык режимде сыноолор өткөрүлдү», – деп билдирди булак.
Жаңы компания түркмөн бийлиги лицензиясын узартуудан баш тарткан орусиялык МТС компаниясынын кардарларын өзүнө тартат деп болжолдонууда. МТС-Түркмөнстандын лицензиясы буга чейин айтылгандай июлда эмес, сентябрда аяктай тургандыгы белгилүү болду. Учурда МТСтин айрым кызматкерлери жаңы компанияга жумушка орношууга аракет кылып жаткандыктары айтылууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ