Menu

Видео – Мусулман дүйнөсү Орозо айтты майрамдоодо

Бөлүшүү:

Мусулман дүйнөсү исламдын башкы майрамдарынын бири эсептелген Орозо айтты майрамдоодо. Ал ыйык Рамазан айынын аякташынын урматына белгиленет.

Майрамдын кайсыл күнү болору айга карап аныкталып, жыл сайын өзгөрүп тургандыктан, анын датасы эч бир документте жазылган эмес.

Орозо айт 25-майда Кыргызстан менен Казакстанда белгилене баштады. Ал бир канча күнгө созулат. Орусияда быйыл майрам эки күн — 25-26-июнь күндөрү белгиленсе, мусулман өлкөлөрүндө үч күн майрамдалат.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Орусиянын мечиттеринде майрамдык айт намаздар окулуп, аларга миңдеген мусулмандар катышты. Ислам дининдеги миллиондогон адам жашаган Орусияда быйыл Орозо айт майрамы 25-июнда белгиленди. Буга байланыштуу Башкырстан, Адыгей, Дагестан, Ингушетия, Кабардино-Балкария, Карачаево-Черкесия, Татарстан жана Чеченстан өлкөлөрүндө дем алыш күндөрү жарыяланды.

Тажикстанда болсо бул майрам 26-июнда белгиленет.

CNN Turk телеканалы кабарлагандай, Түркияда да Орозо айт 25-июнда белгиленди. Бирок өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган Стамбулдан алыс эмес жайгашкан Аташехир шаарындагы мечитте окулган айт намазы маалында эсин жоготуп, медиктер чакырылган. Мечиттин ичине кабарчылар киргизилген эмес. Кийинчерээк Эрдоган өзүнө келип, өзүн жакшы сезип жатканын, эсин жоготуусу кандагы канттын кескин көбөйүп кеткендигине байланыштуу экенин билдирди.

https://www.youtube.com/watch?v=mCViG1hE4lQ&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: