Кыргызстандын борборунда Борбордук Азиядагы эң чоң мечиттин курулушу аяктады.
Курлуш иштери Турциянын Диний фондунун (TDV) колдоосу менен жүрдү.
Осмон империясынын архитектурасынын стилиндеги мечитти тургузуу 2012-жылы башталган. Мечиттин жабык аянты 7,5 миң м.кв түзөт. Мечиттин ичинде бир эле убакытта 6 миң адам намаз окуй алышат.
Мечиттин комплекси өзүнө 500 автомашина бата турган унаа токтотуучу жайды, Куран үйрөнүү курсу үчүн бөлмөлөрду, конференц-зал, ашкана жана фонтанды камтыйт. Ал Анкаранын Коджатепе районундагы мечитке окшоштурулуп курулду.
Курулуш иштеринин жетекчиси Муса Демирджи “Анадолу” агенттигине мечиттин иши бүткөндүгүн, территориясын гана ылайыкташтырып жасоо калгандыгын билдирди. Анын айтымында мечитте 4 мунара жана 2 кирүүчү эшик бар.
“Yenicag.Ru” сайтынан кыргызчалаган Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ