Menu

Султан Урманаев, коомдук ишмер: “Бийлик сүрөгөн адамдын деле ийгиликке жетиши күмөн. Себеби, административдик ресурсту мурдагыдай колдоно алышпайт”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин бир канча жолку чакырылышынын депутаты болгон, кезинде өкмөттүн мүчөсү, губернаторлук кызматтарды аркалаган дасыккан адис Султан Урманаевди кепке тартып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Султан агай, 2010-жылы КСДПнын курамы менен парламентик шайлоого аттандыңыз эле. Эмнеге парламентке депутат болуп келген жоксуз?

– КСДП менен бирге шайлоого аттанып, көп добуш алып бердим. Бирок, белгилүү себептерден улам артка чегинип, парламентке депутат болгон жокмун. КСДП тууралуу суроо берип калдың. Мен орозонун улуу күнү КСДП менен тилектеш болсом да, калыстыгымды айтып коюшум керек. Бүгүн КСДПнын ичинде пикир келишпеген жагдай бар. Ошондой эле аталган партия көрсөткөн кадрлардын курамы да купулга толбойт. Кадрлардын жетиштүү тажрыйбасы жоктугунанбы же туура эмес тандалып алынгандыктанбы көп учурда жергиликтүү бийликке даярдаган жетекчилер да жарытылуу иштей алышпаган учурлар бар. Дагы бир белгилей кетчү маселе – айрым маселелерди чечүүдө административдик ресурстар колдонулган учурлар орун алды.

– Кыргызстандын тарыхында президенттер кызматтан кетер менен ал түзгөн партиянын рейтинги темөндөмөк турсун, түп тамырынан бери жоголуп кеткен учурлар бар. КСДП дагы ошол тагдырды кайталап калбайбы?

– Менин угуп, билгениме караганда президент кызматтан кете электе эле ал партиядан чыгып, башка партияга кирүүгө аракет кылып, башпаанек издеп, “КСДПнын доору бүттү”- деп жүргөндөр бар, алардын аттарын атабай эле коёюн…

– Азыркы парламент купулуңузга толобу?

– Купулума толмок турсун, кээде алардын кабыл алган чечимдерине, мыйзамдарына ичим жылыбай калган учурлар бар. Бул парламент мурункудай күчтүү болбогондуктан, көп учурда мамлекетке терс таасири тийген маселелерди чече албай, калпыстыкка жол берип, коомчулуктун нааразычылыгын жаратып жатат. Ошон үчүн элдин турмушун жеңилдеткен, мамлекеттин бүтүндүгүн сактаган мыйзамдарды жазып, колдоого алышы керек. Болбосо, коңшу мамлекеттер “достугубузду бекемдеп жатабыз”- деп акырындык менен Кыргызстандын өндүрүшүн солгундатып, эки жылдан кийин Кыргызстанга монополияны орнотуп алат. Азыртан аларга чара көрүп, тиешелүу мыйзамдарды жазып, өз ишкерлерибизге жан тартпасак Кыргызстан эч нерсе өндүрө албай, ички миграциянын агымын гана көбөйтөбүз.

– Президенттик шайлоонун мөөнөтү белгиленип, “президент болот элем” деп чамынгандардын баары шайлоодо элдин элегинен өтүшөт. Бу сапар эл кандай адамды шайлашы керек? Негизи Кыргызстанга кандай президент керек?

– Бизге өзүнүн жеке кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын жогору койгон билимдүү, илимдүү, мамлекетти көтөрүп кете алган патриот адам керек. Болбосо, элди алдап, бийликке жетип алгандан кийин берген убадасын унутуп, өз жыргалчылыгы үчүн иштеп, бизнесин өнүктүрүп же болбосо” тарыхта президент болгом деген атым калса болду” дегендерге добуш берүүдөн качышыбыз керек. Негизи Жусуп Абдрахмановдой адамды тандасак жаңылбайбыз. Мен ошол инсанды идеал тутам.

– Айтканыңызга ынаналы. Бүгүн сиз идеал туткан Жусуп Абдрахмановдой адамдар барбы?

– Жусуп Абдрахмановдой адамдар жок эмес, бар. Бирок, алар аз. Көпчүлүгүнүн шайлоого катышканга акчасы жок. Бүгүн акчанын заманы болуп, акчасы барлар гана акчанын күчү менен ийгиликке жетип жатышат. Өкүнүчтүүсү, бардык нерсе сатылып жатат.

– Коомдо “акчалуу адам гана президент болот”- деген пикир жаралып калган жокпу?

– Негизи акчанын заманы келди деген пикир жаралып калды. Бирок, акча берүү добуш берүү учурунда эле болгон жок. Шайлоо кампаниясы башталып бул, тигил шайлоого катышат экен деген маалымат жарыялана баштагандан баштап, акча берүү маселеси ишке аша баштайт. Талапкерлер кыйыр түрдө эл кыдырышып, агитаторлорду жалдашат. Ошондой эле талапкерлерди мактаган макаланын баары акчага байланышат.

– Күрөөнүн кымбаттаганы акчасы жокторго тоскоолдук жаратпайбы?

– Жаратат. Айтайын дегеним, президенттик такка бизнесмендер эмес, илимге, билимге сугарылган, жетиштүү тажрыйбасы бар, интеллигенциянын өкүлдөрү келсе жакшы болмок. Бирок, алар президенттик шайлоодогу күрөөнүн кымбаттаганынан шайлоого катыша албай калат. Чынында мамлекетти бизнесмендер эмес, интеллигенция башкарса жакшы болмок. Анткени, интеллигенция – коомдун мээси. Бизнесмендерде акчадан кмаселе болбогону менен алар коомдун мээси боло албайт. Ошондуктан, күрөө маселесин кайра карашса жакшы болмок. Негизи шайлоо системасындагы айрым мыйзамдарды өзгөртөөрдөн мурун кыргыз менталитетин да эске алган системаны калыптандырууну да ойлоно жүрүшүбүз керек.

– Жаны системага өтүү боюнча сунушуңуз барбы?

– Бар. Курултай кылабыз деп аракет кылгандарды колдошубуз керек. Курултай десе эле бир жыйынды элестетпей, алардын өкүлдөрүн парламентке алып келип, маселе чечтирүүнүн жолун табышыбыз керек. Башкача айтканда, мурдагыдай эл өкүлдөрү жана мыйзам чыгаруучу орган кылып, парламентти экиге бөлүп, курултайдын делегаттарын эл өкүлдөрүнө мүчө кылып, бир жылдык мөөнөттө мандат берип, эгер жигердүү иштей албаса, жарытылуу маселе көтөрө албаса ротация кылып, ордуна иштей турганын алып келсек, бийлик бутактарынын баары эффективдүү иштеп, мамлекетибиз тез эле оңолуу жолуна түшөт эле. Азыркыдай жоопкерчилиги жок деген нааразычылыктар болбойт эле. Парламенттеги мыйзам чыгаруучу органы болгондор мыйзам жазуу менен алек болуп, эл өкүллөпү coттордун отчётун угуп, алардын ишине баа берип, ар ким өз иши менен алек болмок.

– Султан агай, дасыккан адиссиз. Мамлекетчил мыкты адамдар менен ийиндеш отуруп иштегенсиз. Көп нерседен түшүнүгүнүз бар адамсыз. Бу сапар “Кыргызстандын президентин Россия шайлайт”- деген айрым саясатчылардын пикирине ишенсек болобу?

– Коомдук, мамлекеттик кызматтарда жана эл менен аралашып жүргөн адам катары айтсам, бобордогулардан оюм кичине башкачараак. Айтайын дегеним, Шойгу менен 3 жыл жакшы мамиледе болуп, жакындан иштештим. Россиянын Кыргызстанда мындай адам президент болсо экен деген кызыкчылыгы бар экенин билем. Алар кандай болсо да, өздөрү каалаган адамды президенттик такка отургузууга аракет кылышат. Бирок, биздин менталитет башка болгондуктан, көп учурда маселенин баары алар ойлогондой эмес, кыргыз эли каалагандай чечилип калат. Россия учурунда Куловду президент кылууга аракет кылган. Бирок, Кулов президент болгон жок. Анткени, биздин эл пикирин бат өзгөртөт. Ошондуктан Россия ишеним арткан : бийлик сүрөгөн адам президент болот деп кесе айтуу кыйын. Себеби, күтүлбөгөн нерселер орун алып кетиши мүмкүн. 90-жылдан баштап депутат болуп, өкмөттө иштеп, губернатор болуп жүрдүм. Эл күтүлбөгөн кадамдарга барып коюшу мүмкүн экенин билем. Ошондуктан, ал өтөт же бул өтөт деп алдын ала айтыш кыйын.

– Президент ишеним арткан адам же КСДП сүрөгөн адамга ийгилик жылмаябы же жогоруда айткандай акчалуу адамдардын ойлогону орундалабы?

– Менин жеке пикиримде бийлик сүрөгөн адамдын деле ийгиликке жетиши күмөн. Себеби, административдик ресурсту мурдагыдай колдоно алышпайт. Акимдер бийликтин тапшырмасын аткарууга аракет кылганы менен аларга каршы турган күчтөр да жетиштүү каршылык көрсөтөт. Мына ушул жагдайдын баарын эске алганда өкмөттүк кишинин өтүп кетээри арсар.

– Шайлоодо элдер кайсыл критерийлерге таянып добуш берет?

– Мен билгени эл кимдин кандай жөндөмү бар экенине карап добуш берет. Анткени, элди аралаганымда “мындай кызматта иштегенде бул иштерди жасаган”,- деп кандай болгон күндө да талапкерлердин кызматта турганда жасаган иштери элдин элегинен өтүп, талкууланып жатат. Ошон үчүн эл иштерман, иштин көзүн таба билген, берген убадасын аткарган талапкерге добуш берет деп ойлойм.

– Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги тууралуу кандай ойдосуз?

– Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги деле жаман эмес. Ал деле ийгиликке жеткенге аракет кылат. Болгону, шайлоого чейин рейтингин жогорулатышы керек. Болбосо утулуп калышы ыктымал. Мен президенттикке аттанып жаткандардын көбү менен иштештим. Бабанов менен бир партада отурдум. Темир Сариев менен чогуу жүрдүм. Жээнбеков менен 1995-жылдан баштап бирге иштедим. Баарынын артыкчылыгын да, катачылыгын да билем.

– Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги президенттин купулуна толгон үчүн коюлдубу же “кезек түштүккө келди” деген жазылбаган мыйзам эске алындыбы?

– Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин ким көрсөтсө да, кандай критерийлерди эске алышса да, менимче шахмат оюнундай эле маселе болду.

– “Эртең шайлоо болот”- деген күнү кыргызстандыктар пикирин өзгөртүп, мурункуларды эмес, жаңы жүздөргө ишеним артып бийлик да, башкалар да күтпөгөн жыйынтык болуп калбайбы?

– Менин оюмча оозунан алтын шилекейин чачыратып сүйлөгөн, убаданы катыра берген жаңы жүздү шайлап, ага баары ишеним артат деп ойлобойм. Анткени, эл 25 жылдан бери көп нерсени түшүнүп калды. “Эски жоо атышканга жакшы”- дегендей мурда кийин аты чыкпаган адамды шайлабаса керек. Анткени, белгисиз адамды шайлаш өтө опурталдуу. Ошон үчүн билгендерине эле шайлайт. Кыргызстандын тагдырын чече турган мезгилде белгисиз адамды эмес, элге эмгеги сиңген адамга ишеним артат деген ойдомун.

Булак: “Майдан.kg”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: