Menu

Аида Касымалиева, депутат: “Биз өлгөндөргө эмес, жаңы төрөлгөн ымыркайларга көбүрөөк көңүл буралы”

Бөлүшүү:

Пенсионерлерге, жөлөк пул алуучуларга жакшы камкордук көргөн мамлекеттер арбын. Бирок, алардын катарына биздин мамлекетти кошууга эч мүмкүн эмес. Башкасын айтпасак да кошуна мамлекеттерибиз менен салыштырсак асман менен жердей айырма бар. Союздун урашы менен баягы жыргал жашоо бүтүп, көп эл оор абалга туш болушту. Мамлекет кыйратарлык кам көрө албай, чабалдыгын көрсөтүп келүүдө… Жакында ЖКнын айрым депутаттары жөлөк пул тууралуу жаңы системаны демилгелеп чыгышты. Бул демилге ишке ашса жакыр үй-бүлөлөргө бир топ жеңилдик болмок. Бирок качан ишке ашары белгисиз.

Жаңы демилгени жактырбай ар бир жаңы туулган наристеге 4 миң сом жөлөк пул төлөнсө, андан тышкары үч жашка чейин 700 сом, үч баладан ашса 500 сом жөлөк пул берилсе, мамлекеттен колдоо алган балдардын саны 700 миңден ашат экен. Мынчалык көп каражатты өкмөт кайдан табат? Депутаттардын демилгеси «Мамбюджеттеги дефицитти кескин көбөйтүп жибербейби?» деген суроолорду жаратууда. Бул маселени демилгелегендердин бири СДПКнын депутаты Аида Касымалиева төмөндөгүлөргө токтолду.

– Бул мыйзамды демилгелегенге эмне түрткү болду? Жакын арада ишке ашчудайбы?

– Биз бул маселени бир нече фракциялар менен биргелешип демилгелеп жатабыз. Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен кошо иштеп чыкканбыз. Негизи бул демилге жакшы максат менен көтөрүлгөн. 1998-жылдан бери «жакыр үй-бүлөлөргө даректүү жардам беребиз» деген принцип болгон. Бирок бизде, тилекке каршы, коррупция күч алып, 70%ы көмүскө, 30%ы гана кирешесин ачык көрсөтөт экен. Азыркы социалдык коргоо системасында жөлөк пулга муктаж калктын 60%ы жөлөк пул ала албайт. Азыркы мыйзам долбоор боюнча киреше эсептелбейт. Аябай жеңилдетилген система. Мисалы, сүйүнчү алууга ата-энесинин паспорту же баланын күбөлүгү гана керектелет. Бизде ким бай, ким кедей – аныктамасы жок. Бирок жакыр үй-бүлөлөр көбүрөөк кирип калат. «Адилеттүүрөк система түзүлөт» деп киргизип жатабыз. Бул демилге ишке ашса 2018-жылдан баштап күчүнө кирет.

– Бизде жаңы төрөлгөн ымыркайга эмес, сөөк коюуга көбүрөөк акча бөлүнөрүн айтып чыктың…

– Кошбойлууларга декретке чыгуу маселеси бар. Аларга төрт айда 1420 сом төлөнөт. Ал эми сөөк коюуга 15 миң сом каралат экен. «Биз өлүмгө эмес, жаңы төрөлгөн ымыркайларга көбүрөөк көңүл бөлбөйлүбү?» деген кеп. ЮНИСЕФтин отчетун карасам, ар бир үчүнчү бала аз кандуулук дартына чалдыккан. «Бул жатып ичерликти өнүктүрүү, мамлекет бизди багат экен» деген кеп эмес да, кандайдыр бир жардам. Ошол колдоого муктаж балдарга, үй-бүлөлөргө көмөк…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: