Menu

Капаровду камап, капчыгын кагышты

Бөлүшүү:

Ош облустук соту ага-ини Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбековду «мамлекеттин 3 миллион долларын жок кылып жиберген» деп айыптаган милициянын полковниги Абдылда Капаровду өткөн аптада төрт жылга жатак абакка кести. Облусттук соттон билдиришкендей, Капаров Кылмыш-жаза кодексинин 338-299-беренелери менен күнөөлүү деп табылды. Ошондой эле Жээнбековдордун пайдасына 244 600 сом өндүрүү тууралуу өкүм чыкты.

Абдылда Капаров былтыр Жээнбековдорду “2010-жылы өкмөт бөлгөн 3 миллион долларды июнь окуясына жумшаган болушу мүмкүн” – деп айыптап чыккан. Бирок Жээнбековдор бул айтыпгандарды четке кагып, Капаровду сотко берип утуп алышкан. Ош шаардык соту аны бир жылга түзөтүү колониясында жазалоо тууралуу өкүм чыгарган. Капаров бул өкүм менен макул эместигин билдирип, облусттук сотко кайрылган болчу. Бирок ал каралбай, жазасы дагы көбөйтүлдү.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: