Белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров кийинки кездери саясаттан алыстап кеткендей таасир калтырат. Саясаттын казаны кайнаган президенттик шайлоо алдында коңулга киргендей көрүнбөй кеткени коомчулукка табышмак болуп жаткан. Көрсө Азимбек мырза багбан болууну чечкенби, көчөт тигип сооптуу ишти аркалап жатыптыр. Карыганда саясаттан алыстап, кырк күнгө даабатка дагы чыгып келгени айтылууда. Айтор кир саясаттан кетип, Кудай жолуна түшүп, ыйманга келейин деген көрүнөт…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ