Menu

Фучик паркындагы кинотеатр мамлекетке кайтарылды

Бөлүшүү:

Бишкектеги Юлиус Фучик атындагы эс алуу багында жайгашкан жайкы кинотеатр Ленин райондук администрациясынын карамагына өттү. Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 23-июнда Бишкек шаардык соту кинотеатрга байланышкан ишти карап, аны райондук администрациянын пайдасына чечип берди. 2013-жылдын 8-сентябрында Ленин райондук сотунун чечими менен кинотеатр Солтоев аттуу жарандын менчигине берилип калган. Былтыр декабрда иш кайра каралып, ушул эле райондук соттун башка судьясы биринчи чечимди жокко чыгарган. Солтоев апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Натыйжада соттук коллегия анын арызын канааттандырган жок. Аталган кинотеатрдын аянты 1 013 квадрат метр. Мамлекет ит бекер менчиктештирилип кеткен мекмелерди өзүнө алып жатышы көңүл жубаткан жакшы көрүнүш.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: