Menu

Чолпон-Ата шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын көчмө жыйыны өтүүдө

Бөлүшүү:

Чолпон-Ата шаарында Жогорку Кеӊештин депутаты Акылбек Жамангуловдун төрагалыгы менен КМШга мүчө-мамлекеттердин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын көчмө жыйыны өтүүдө. Иш-чарага алты КМШ өлкөлөрүнөн келген жаш парламентчилер катышып жатат. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында терроризм жана экстремизм көйгөйлөрү талкууланып, аталган багыттагы коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүү маселелери көтөрүлдү. Андан тышкары, жыйын катышуучулары террордук жана экстремисттик уюмдарга жаштардын тартылуусун токтотуу жагдайлары тууралуу пикир алышты.

Ошондой эле, КМШга мүчө-мамлекеттердин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын 2016-жылы аткарган иштери тууралуу Казакстан жаштар парламенттик делегациясынын башчысы Бахтияр Макен баяндама жасап, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана коопсуздукту коргоо жаатында бир катар иштер аткарылганын эске салды. Жыйында Жаштар менен студенттердин Бүткүл дүйнөлүк XIX фестивалын өткөрүүгө даярдык маселеси да талкууланды.

Белгилей кетсек, буга чейин КМШга мүчө-мамлекеттердин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясы Санкт-Петербург шаарында (Орусия) өткөрүлүп келген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: