Menu

Памир кыргыздарынын биринчи тобу Кыргызстанга күзүндө келет

Бөлүшүү:

Памир кыргыздарынын паспорттору даяр болбой, Кыргызстанга келүүсү кечеңдеп жатат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылгандар боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жыпара Мамбетова билдирди.

Памирде 2010-жылы 3600 кыргыз жашаса, 2016-жылы Чоң Памирде 825, Кичине Памирде 1050 калган. Жыпара Мамбетованын айтымында, Памир кыргыздарынын көпчүлүгүндө паспорту жок. Андыктан жазында келе алышпаган. Күзүндө биометриялык маалыматтарын тапшырганда кыргыз келиши мүмкүн. Анын отузу алты жаштан 16 жашка чейинки балдар. Алардын арасындагы кыздар ата-энесинин коштоосунда келишет.

Эскерте кетсек, Памир кыргыздарына Кыргызстан бир нече жолу гуманитардык жардам жеткирген. Алар бийик тоолуу аймакта жашагандыктан табияты катаал, жашоо шарты начар. Кыргыз өкмөтүнөн балдарын окутууга мугалим жана дарыланууга дарыгер жөнөтүүнү суранышкан. Өкмөт баарын болбосо дагы бир канчасын көчүрүп келип, жергиликтүү жашоо менен тааныштырып, балдарын окутмакчы.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: