Энергетикалык суусундуктардын адамдардын организмине тийгизген таасири тууралуу буга чейин айтылып да, жазылып да келген. Бул суусундуктун составында кофеин, таурин, карнитин, мелатонин аттуу заттар жана “В” витамини кирет. Суусундуктун пайдасынан зыяны көп экенин саламаттык сактоо өкүлдөрү ар дайым коңгуроо кагып айтып келет. Суусундукту тиешелүү деңгээлден ашык ичип алып жүрөгүнун согушу күчөп, дене табы көтөрүлүп, өлүм алдында келген өспүрүмдөрдү социалдык тармактардан көрүп эле жүрөбүз. Ак халатчандардын тилеги орундалып, президент Атамбаев бул суусундукту жашы жете электерге, мектеп, бала бакча, медициналык мекемелер жайгашкан жерлерде, коомдук транспортто сатууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салуу Европа өлкөлөрүндө буга чейин эле киргизилген. Коңшу Россияда да сатууга тыюу салуу маселеси көтөрүлүудө.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ