Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан КМШга мүчө-мамлекеттердин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги IX сессиясынын жүрүшүндө Акылбек Жамангулов ассамблеянын координатору болуп дайындалды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдайт.
Жаш парламентчилердин эл аралык иш-чарасына Азербайжандын, Армениянын, Казакстандын, Молдованын, Россиянын, Республики Таджикистан, Кыргызстандын парламентчилери жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.
Иш-чарада терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, коргоо жана коопсуздук, Жаштар менен студенттердин Бүткүл дүйнөлүк XIX фестивалын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү, тууралуу маселелер талкууга алынды.
Андан сырткары, КМШга мүчө-мамлекеттердин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги IX сессиясынын кечээ, 26-июндагы отурумунда Жогорку Кеӊештин депутаты Акылбек Жамангулов КМШ ЖПАА координатору болуп шайланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ