Menu

КСДПчы депутат Жылдыз Мусабекованын үстүнөн журналист КР Генпрокуратурасына арыз жазды

Бөлүшүү:

“Алиби” гезитинин журналисти Үпөл Анаркулова КСДПчы депутат Жылдыз Мусабекованын үстүнөн Баш прокуратурага арыз менен кайрылды. Бул туурасында Kloop.kg маалымат агенттиги билдирет.

Журналисттин айтымына таянсак, депутат соттук териштирүүлөрдөн кутулуу үчүн журналисттен эл алдында кылган кылыгы үчүн кечирим сурап коюусу гана жетиштүү.

“Мен арызды 12-майда эле жазгам, бирок андан бери мени  менен эч ким байланышкан жок. Бул суроону карабоонун аракетин көрүп, депутаттар каникулду күтүп жатканы ачык эле көрүнүп турат. Мага андан эч нерсе кереги жок, болгону кечирим сурап койсун”, – деди Анаркулова.

Социал-демократ Жылдыз Мусабекова анын журналистке болгон коркутууларын карай турган КСДП фракциясынын бардык отурумдарына катышпай, өткөрүп жиберген. Ал эми фракциянын лидери Иса Өмүркулов болсо, анын жоктугун дайыма “ооруп калды” деп шылтоологон. Бирок Мусабекова башка иш чараларда соо эле жүргөнү көрүнүп калган. Мисалы 9-июнда өтө турган отурумга келбей ал Нарынга барып келүүнү туура көргөн.

Эске салсак, парламенттин депутаты Жылдыз Мусабекова менен “Алиби” гезитинин журналисти Үпөл Анаркулованын  конфликти бир макаланын айынан чыккан. Ал материалда Анаркулова Мусабекованы коррупция боюнча айыптап, “Депутат Тоң районунун акимин “крышовать” этет” деп жазган.

“Алиби” гезитинин журналисти Үпөл Анаркулова Мусабекова менен болгон аудиожазууну соц.тармактарга тараткан. Анда Мусабекова журналистти кемсинтип, “териңди сыйрам”, “эркектерге салып берип зордуктатам” деген ж. б . адам оозго алгыс сөздөр менен тилдеген. Мусабекова өзү болсо, эч кандай далилдери жок эле бул аудиону монтаж деп атоодо.

https://youtu.be/Cy4AZgDfSkg

zanoza.kg сайтынан кыргызчаланды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: