Menu

Республикалык олимпиадада Ош облусунан 3 окуучу 1-орунга ээ болду!

Бөлүшүү:

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV этабына Ош облусу боюнча 35 окуучу катышты. Бул туурасында Ош облустук маалымат кызматынан билдиришти.

Республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча облустун тандалма командасынын 3 окуучусу биринчи, 1 окуучусу экинчи, 4 окуучусу үчүнчү орунга ээ болуп, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин I, II, III даражадагы дипломдорун жана баалуу белектерин алышты. Бүгүн жеңишке жеткен окуучулар менен алардын мугалимдерин КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов кабыл алып Ардак грамота жана акчалай сыйлактарды тапшырды. Ошондой эле, ал окуучуларды олимпиадага даярдаган мугимдер да сыйланды. «Силердин ийгилик биз үчүн абдан кубанычтуу болду. Ош облусунун атын билим берүү тармагы боюнча да татыктуу коргоп келдиңер. Үч окуучу биринчи орунду камсыздап көп жылда бери кайталана элек рекордду койдуңар. Араңарда география сабагынан Кара Суу районундагы М.Жаманкулов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Бакирова Аселяда мына Бишкектеги эң алдыңкы ЖОЖдорго окууга тапшыруу ниетин айтып өттү. Силер татыктуу билим алып, аны өлкөбүздөн эртеңки келечеги, элибиздин жакшы бакубат жашоосу үчүн жумшашыңар зарыл. Биз ар тараптуу колдоого даярбыз. Бишкеке барып окууга тапшырган соң да биз менен байланышып жардам керек болсо сурагыла. Силерди ар дайым колдоого даярбыз. Ал эми быйыл 2-3 орунду камсыздаган окуучуларга айтарым спортчу да өз атандашынын үстүнөн жеңишке жетишүү үчүн жылдап даярданат. Силерге дагы мүмкүнчүлүк бар. Келерки жылга чейин тынымсыз даярдангыла, өзүңөрдүн үстүңөрдүн иштегиле. Досторуңарга айткыла, жакшылыкка үндөгүлө. Аларда байге алып мугалдимдерди, ата-энелерди сүйүнтсүн. Силердин ийгиликке мен чын жүрөгүмдүн ыраазы болуп кубанып жатат. Жеңиш барыбыз үчүн кубанычтуу”-деди.

Жеңишке жетишкен окуучулардын тизмеси:

1-орунду

-тарых сабагынан Алай районундагы А.Жээнбеков атындагы орто мектебинин 10 классынын окуучусу Надирбек уулу Исламидин,

-физика сабагынан Өзгөн районундагы М.Сулайманов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Жумадилов Садырбай,

-Кара Суу районундагы М.Жаманкулов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Бакирова Аселя

2-орунду

– география сабагынан Кара-Суу районундагы Кызыл Кыргызстан орто мектебинин 10-классынын окуучусу Жолдошбаев Нуртилек

3-орунду

-кыргыз тили жана адабияты сабагынан Кара Суу районундагы Маданият орто мектебинин 11-классынын окуучусу Абибилла кызы Айганыш

-кыргыз тили жана адабияты сабагынан Ноокат районундагы Крупская атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Аширбаева Айгерим

-математика сабагынан Ноокат районундагы Алтын Казык орто мектебинин 11-классынын окуучусу Азамат уулу Абдылас

-химия сабагынан Алай районундагы Т. Жумабаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Жанибек кызы Айпери

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: