Menu

Кремлдин Жээнбековду колдогону жалганбы?

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоо расмий башталганы так талаш катуу кызыды.

Алмазбек Атамбаев Москвага барып, Владимир Путин менен жолугуп, жайдары сөз жүргөнүн бийлик тарапташтары” бийликтин мураскери Сооронбай Жээнбековго Кремль колдоо көрсөтүүгө макулдук берди” деп дүңгүрөтүп жиберишти.

Москванын “чоң” саясатын терең түшүнгөн орус, кыргыз мыкчыгерлери мындай пикирге ынанбай, “океңдер Атамбаевдин кылган иштерине расчет кылып, далыга таптап узатты, бийликтин талапкерин колдоо тууралуу кеп болгон жок,”- деген пикирде.

Кремль болсо, биринчиден региондогу туруктуулук тикелей Орусиядагы тынчтыкка тийешеси бардыгын, чектеш аймактарда боордош мамлекетке залал келтире турган жаңы жалындаган өрттүн болушун каалабастыгын ачык билгизип, Кыргызстандын башына келе турган жаңы жетекчиге тыкыр көз салаарын жашырган жери жок. Ушуга байланыштуу, бийлик сунуштаган Сооронбай Жээнбековго ичи чыкпай жаткандары ачык байкалууда. Эл аралык терроризмден жабыркап жаткан дүйнө элдери бүгүн ИГИЛди каржылаган Катар мамлекетин блокадага алып, элчиликтерин чакыртып алып, чек араларын жаап жатат. Ушундай кырдаалда, Катар мамлекетинен Кыргызстандын муфтийи М.Токтомушев аркылуу келип тургандыгы байма-бай айтылып жаткан акчалай каражаттарга Жээнбековдордун тикелей тиешеси бардыгы орус жетекчилигине маалым болсо, Кремль караманча каршы тураары айтпаса да белгилүү эмеспи. Ошондон улам, “Бакиев орден берип, узаткандай эле, океңдер да Атамбаевди далыга таптап, иттен чыгарып салды” деген пикир эл ичинде басымдуу болууда.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: