Ашхабаддагы “Central Hospital” деп аталган түрк клиникасынын мурдагы имараты Улуттук коопсуздук министрлигинин кармагына өтөт. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булагы билдиргендей, мындай чечим сентябрда Ашхабадда өтө турган Азия оюндарында коопсуздукту камсыз кылуу чаралараны байланыштуу.
Булактын билдирүүсү боюнча, Азия оюндары үчүн курулган Олимпиадалык комплекске жакын жайгашкан госпиталдын имаратына атайын кызмат өкүлдөрү жайгаштырылат.
“Central Hospital” түрк клиникасы ишмердүүлүгүн быйыл апрелдин башында токтоткон. Көп өтпөй анын имаратынын мамлекеттин менчигине өткөндүгү кабарланган. Азия оюндарынан кийин ал имараттын Улуттук коопсуздук министрлигинин карамагында калар-калбасы азырынча белгисиз.
Маалыматтарга караганда, түрк ишкерлерине таандык болгон «Йимпаш» соода жана бизнес борборлорунун мурдагы имараттары дагы Түркмөнстандын күч түзүмдөрүнүн карамагына өткөн. Алар өткөн жылдын аягында жабылган. Азия оюндары өтүп жаткан маалда ал имараттарга да өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн ыкчам топтору жайгаштырылары кабарланууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ