Menu

“Ак кеме” мейманканасын бийлик оппозициянын жыйындарын өткөрүп жатат деп тартып алдыбы?

Бөлүшүү:

22-июнда бул мейманкана таң эртенден тарта курчоого алынды. Милиция эшикти талкалап кирип, эч кимди чыгарбай да, киргизбей да койгондугун алгач мейманкананын башчысы Руслан Сарымсаков билдирди. Ошол эле замат милиция менен кошо Мамлекеттик мүлк боюнча фондунун кызматкерлери кошо келген. Өзүн “Ленин РИИБден келдим, фамилиям Козубаев”- деп тааныштырган адам жетекчиликтин көрсөтмөсү бар экендигин айткан. Маммүлк муну өкмөткө шылтап жатат – анда мейманкананы мамлекеттин менчигине берүү туурасында айтылган дешүүдө. Милиция эшикти талкалап кирип, “бул коомчулуктун коопсуздугу үчүн” жасалды деп түшүндүрдү. Андагылар кире да, чыга да албай жатышат”,- деди Сарымсаков. Бул мейманкана тээ Акаевдин доорунан бери түрк ишкерлери менен талаш болуп, 2005-жылы март ыңкылабынан кийин Р. Сарымсаков аларды кууп чыгып иштетип аткан болчу. Мамлекеттик мүлк фондунун маалыматында, мейманкана мамлекеттин каражатына курулган. Жакында мамлекеттин карамагына өткөрүп берүү боюнча соттун чечими да чыккан болчу. Бирок бул мейманкана акыркы кезде оппозициянын штабына айланып, президенттикке талапкерлердин көптөгөн иш-чаралары өткөрүлүп жаткан. Балким, дал ушул жагдай мейманкананы тартып алуунун башкы себеби болгондур?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: