Menu

240 млн. доллар карызыбыз кандай шарт менен кечирилди?

Бөлүшүү:

Өткөн жумадагы бир эле Кыргызстан эмес, бүткүл дүйнө жүзүндөгү чуулгандуу окуялардын бири Сирияга кыргыз жана казак армиясынын жоокерлерин жөнөтүү тууралуу маселе болду окшойт. Мындай ар бирибизди дүрбөлөңгө салган кабарды Россия Мамдумасынын бир депутаты көтөрүп чыккан. Анын пикиринде, ЖККУнун мүчөсү катары бул эки боордош мамлекеттин аскерлери али согуш оту тутана элек аймакка барып, тынчтыкты орнотуу миссияны аткарышы керек экен. Бирок кошуна мамлекеттин тышкы иштер жана коргоо министрликтери орус депутатынын айтканын ошол замат кескин жокко чыгарды. Тилекке каршы биздин бийлик так пикирин айта албай, тайсалдап турат. Ошол күндөрү  Россияга мамлекеттик иш сапар менен президентибиз А.Атамбаев “В.Путин менен сүйлөшүүдө Сирияга кыргыз аскерлерин жиберүү тууралуу сөз болбогондугун” айтуу менен гана чектелди. Баса, Сирияга аскер жиберүү тууралуу сөз президентибиз Россияга “коштошуу сапары” деп аталган үлкөн иш- чарага жана 240 млн. доллар карызыбыздын кечилишине туш келип жатышы көптөгөн бүдөмүк ойлорду жаратууда. Балким, чын эле ал карызыбыз кандайдыр бир шарт ме­нен кечирилгендир?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: