Menu

Билим берүү министрлиги мектептердеги соргок директорлордун алкымын тыйганы жатыптыр

Бөлүшүү:

Биздин мектептер билим берген мекеме болбой эле ата-энелерден акча чогулткан рекетке айланып калгандыгы бештен белгилүү. Баш мыйзамда билим берүү акысыз экендиги кашкайта жазылып турган менен акча бербесең, балаң окубай калары айдан ачык. Эгер ушул мектеп директорлорунун сол чөнтөгүнө түшүп жаткан жүз миңдеген акчалар ошол мектептин өзүнүн муктаждыгына жумшалып, материалдык-техникалык абалы оңолсо макул эле. Бирок иш жүзүндө баары теңирден тескери болуп жатпайбы. Быйыл билим берүү министрлиги ошол соргок директорлордун алкымын тыйганы жатыптыр. Министрликтин берген маалыматы боюнча 1-класска жаңы кирип жаткан же мектеп которгон окуучулардын ата-энелеринен акча талап кылган мектеп директорлору жоопко тартылат. Бул багытта Бишкек мэриясы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептерде ата-энелерден ыктыярдуу төлөм алууга тыюу салуу боюнча до­кумент иштеп чыгыптыр. Буга ылайык, аталган буйрукту аткарбаган мектеп директорлору жоопко тартылып, ээлеген кызматынан да бошотулат. Эмне дейбиз, биздин чиновниктер деле элди ойлоп, коррупциядан арылууну ойлой баштаган тура. Бирок эртен эле 1-сентябрь келип, балдар мектеп босогосун аттаганда директорлордун көнгөн адаты башталбас бекен?..

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: