Menu

Асылбек Жээнбеков экинчи Жаныш болобу?

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоо старт алгандан бери жарым айдын жүзү болду. Мурдатан жулкунуп, “мен болом” деп аткандардын көбү ыйынып-ычкынып, ачык сөзүн айта албай, сьезддерин өткөрө албай “тормоз” болуп калгандай. Расмий партиялар тарабынан Темир Сариев. Сооронбай Жээнбеков, анан кечээ Бакыт Төрөбаевдин, капастагы Өмүрбек Текебаевдин талапкерлиги көрсөтүлүп, калган партиялар не кылаарын биле албай абдаарып калгандай.

Ойду омкоруп, “тоону томкоробуз” деген “республикачылардын” башчысы да абийинен бата
ала албай, ачык чыккандан тартынып эки анжы. Эки ортодо колу, жолу бош Турсунбек Акун, Назарбек Нышанов, Арстан Алай, Рита Карасартова сыяктуу Кудай эле тыйбаса тыйылбай тургандар өзүн өзү билип, атту-баштуу партиялар бир чечимге келе албай турган кез.

Талпынып канат күүлөгөндөрдүн ичинен бийликтин талапкерлиги Сооронбай Жээнбеков менен “Ак Шумкардын” лидери, экс өкмөт башчы Темир Сариев тууралуу сөз катуу жүрүп, негизги талаш-тартыш ушу экөөнүн ортосунда болоорун айтышса, капталдан чыгып, жасалма рейтингин бетке кармангандар да ар кайсы талапкерди мактоо менен алек. “Өз кулунубуз, оомат келип жатканда колдоп алалы” деген ураан астында, жердешчиликке таянып, түштүктүн көпчүлүк добушун канжыгага бөктөрмөкчү болгон Жээнбековдордун аракети да тетири натыйжа берип, Оштук жердештери айный баштаганы маалым болду.

Көрсө, бийликте жүрүп, баарын үстүртөн карап, өзүн өзгөчө сезип калган үй-бүлөнүн мүчөлөрү “бөрк ал десе баш алган” саясатты жүргүзөбүз деп элге жакпай калганбы? Талапкердин иниси Асылбек Жээнбеков аша чаап, түштүк элитасына, орто деңгээлдеги чиновниктерге кысым жасагандан улам, “экинчи Жаныш келип калганбы, кууратат го (?) булар”, таризинде кеп таркап, Жээнбековдон жада калса туугандары жүзүн үйрүп кетип жатышканы айтылууда.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: