Москва шаарында кыргызстандык 28 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 3 адамдын бири кармалды.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 23-июнда Москвадагы өкүлчүлүгүнө кыргызстандык 28 жаштагы А.А. зордукталганы тууралуу маалымат түшкөн. Зордуктоого шектелген адамдар аны коркутуп коюшкандыктан ал алгач милицияга арыз жазуудан баш тарткан. Иликтөөнүн жүрүшүндө 18-июнда аны Мелис аттуу чала таанышы ифтарга чакырганы, жолугушууда ал өзүнүн достору менен тааныштырганы такталды. Маалым болгондой, сейил бактан алардын бири күч колдонуп, А.А.ны зордуктаган. Шериктери зордуктоону телефонго видеого тартып алышып, ал милицияга арыз жазса тасманы интернетке жайылта турганын айтып коркутушкан. Бирок, адистер сүйлөшүү учурунда жабырлануучуну арыз жазууга көндүрүштү.
Аталган факты боюнча кылмыш иш козголуп, издөө иштеринин жыйынтыгында шектүүлөрдүн бири — Сузак районунда туулган 33 жаштагы Ж.К. кармалды. Ал өз күнөөсүн мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын жанындагы 2 шеригин издөө иштери жүрүп жатат.
Булак: “turmush.kg“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ