“30 жаштагы Дастан Догоев КР Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы жетекчиси болуп дайындалды. Анын башкаруу тажрыйбасы жок экен. Ага иштеген жеринен 2016-жылы 2 жолу сөгүш берилиптир: берилген жумушту талаптагыдай аткарбагандыгы жана ишти уюштуруудагы төмөнкү уюштуруучулук сапаттары үчүн. Өзү да бул жерде отургандан уялды окшойт, ошондуктан эптеп чыгыштын айласын таап, азыр чыгып кетип калды (Д. Догоев “Өкмөттүн отуруму бар” деп парламенттин отурумунан чыгып кетен). Ал “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын куратору. Эмне үчүн жетекчилик тажрыйбасы жок адамды мындай жооптуу мамлекеттик структураларга дайындаш керек? Догоевди бул кызматка коюуда кайсы шарттар каралды?” – деп сурады кечээ, 27-июнда КР Жогорку Кеңешинин отурумунда “Бир Бол” фракциясынын депутаты Жаныбек Бакчиев КР Вице-премьери Жеңиш Разаковдон.
“Мен ал жакты, Мамкаттоо кызматын көзөмөл кылбайм жана аны жетекчи кылып дайындоодо кандай шарттар каралганын айтып бере албайм, балким ошол МККны караган вице-премьер айтып береттир. МККны башка вице-премьер Олег Панкратов көзөмөлдөйт” – деп жооп кайтарды Жеңиш Разаков.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ