Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда деңиз деңгээлинен 3822 метр бийиктикте жайгашкан “Чоң-Ашуу” кар көчкү станциясына спутник байланышы орнотулду. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.
Азыркы учурда спутник аркылуу кабыл алуу байланыштары текшерилип жатат жана толук орнотулуп бүткөндөн кийин, гидрометеорологиялык маалыматтар кабыл алына баштайт.
Эскерте кетсек, “Чоң-Ашуу” станциясынан гидрометеорологиялык маалыматтар азыркы учурга чейин радиостанциядан радио байланыш аркылуу алынып келинген.
“Чоң-Ашуу” станциясынан кабыл алынган маалыматтардын негизинде (аба ырайы, шашылыш билдирүүлөр, кардын бийиктиги, кар көчку коркунучтар ж.б.у.с.) метеорологиялык болжолдоолордун сапатына жана алдын ала билүүгө мүмкүндүк берет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ