Кечээ, 27-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинде жардырууну уюштурду деп айыпталгандарга сот өкүмүн чыгарды.
Сот бардык айыпталуучуларды – Хасамидин Исмаилов, Хикматилло Абдулажанов жана Куназим Мансированы терактка күнөөлүү деп тапты.
Хасамидин Исмаилов 18 жыл күчөтүлгөн режимдеги колонияда түрмөгө кесилди аны менен катар мүлкү конфискациялансын деген өкүм чыкты.
Хикматилло Абдулажановду дагы сот, мүлкүн конфискациялоо менен бирге 10 жылга эркинен ажыратты.
Куназим Мансирова мүлкүнүн конфискациялануусу бирге аялдардын колониясына 10 жылга кесилди.
Эске салсак, 2016-жылдын 30-августунда Бишкектеги Кытай элчилигинде жардыруу болгон. Жанкечти элчиликтин автоматтык эшиктерин автоунаа менен сүзүп кирип, элчиликтин имаратын жарып жиберген, анын кесепетинен 2 адам жабыркаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ