Menu

“Акшумкардын” штабын Элмира Ибраимованын башкарышы күтүлүүдө

Бөлүшүү:

Буга чейин «Акшумкар» патриясынын штабын Алтынбек Эргешов жетектеп келген. Бул жигиттин уюштуруучулук жөндөмү күчтүү, аппаратчик катары тажрыйбалуу мүнөзгө ээ болчу. Бирок, Темир Сариев штабдын ишин мындан дагы күчөтүүнү көздөдүбү, айтор, Алтынбектин ордуна Элмира Ибраимованы апкелип, алдыга жылуунун жаңы үлгүсүн көрсөткөнү туру. Бир четинен бул вариант деле жөндүү. Себеби, Элмира Султановна аялзатынан чыккан чынчыл, чыгаан мамлекеттик ишмер катары бааланат. Анүстүнө «Акшумкардын» штабын аял кишинин башкаруусу дагы коомчулук үчүн жылуу кабылданары шексиз. Эске сала кетсек, Элмира айымдын атасы Султан Ибраимов жогорку кызматтарды жетектеп, Кыргызстандын түндүк-түштүгүнө тең эмгек сиңирген, өз учурунда эбегейсиз кадыр-баркка ээ болгон инсан болчу. Азыркы улуу муундагылар ал кишинин зоболосун баалап, мамлекет үчүн опол тоодой иштерди жасаганы үчүн сыйлашат. Ток этери, ата баркы аздектүү эмеспи, «Акшумкарга» да жарыгы тийсе керек…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: