Menu

“Мистер 10%” бир чечимге келе албай убара тартууда

Бөлүшүү:

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баардык саясый күчтөрдүн тамырын тартып, колдон келишинче жылуу мамиле түзүүнүн үстүндө иштеп атат. Кайсы тарап күчтөнүп кетсе, ошол жагына оогонго даярбы? Эң кызыгы, ал өзү да шайлоого аттанууга ниет кылганын божурап, бирок расмий түрдө жарыш кыла элек. Кыязы, «соодалашуу» жагын байкап атса керек. Дагы бир жагдайы, Сатыбалдиев буга чейин Жээнбековдордун үй-бүлөсүнө «таш ыргытып», жамандап жүргөнү саясый элитанын тар чөйрөсүндө кызуу кеп болууда. Муну Соке деле билет экен. Кыскасы, бийлик менен «Мистер 10%» каймана атындагы баатырыбыздын мамилеси эчак эле бузулганы, эгер чындап келсе Ош, Жалал-Абадды кайра калыбына келтирүү дирекциясындагы былыктары көтөрүлүп, кылмыш иштери козголушу мүмкүндүгүн да эскерткендер бар. Табиятынан сак Жантөрө аке эми кайсы жолду тандайт болду экен?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: