Menu

Анвар Артыков, депутат: “Жээнбеков каттоодон өткөндөн кийин сөзсүз кызматынтапшырат”

Бөлүшүү:

– Президент Алмазбек Атамбаев Россияда мамлекеттик иш сапары менен жүргөн учурда сентябрь айында өкмөт алмашарын билдирди. Анда «президенттик шайлоого алты ай калганда өкмөт алмашпайт» деген конституциялык норма эмне болот?

– Президенттик шайлоого эмес, Жогорку Кеңешке шайлоолорго алты ай калганда алмашканга болбойт. Мурдагы Конституция боюнча, «президенттик шайлоого алты ай калганга чейин алмашканга болбойт» деген жобо бар болчу. Себеби, өкмөттү президент курачу. Азыр болсо Жогорку Кеңеш курап атпайбы. Президент жарлыкка гана кол коёт. «Сентябрда өкмөт алмашат» деген себеби, премьер-министр Сооронбай Шарипович президештикке көрсөтүлүп жатат. Талапкер катары каттоодон өткөндөн кийин ал сөзсүз кызматын тапшырышы керек. «Премьер кетти» деген – бул «өкмөт отставкага кетти» деген сөз. Жаңы өкмөт түзүлүшү шарт. Себеби, мыйзамда бар да, премьердин отставкасы бүт өкмөттүн отставкасы менен коштолот.

– Кызматын убактылуу тапшырып турбайбы?

– Жок. Кызматын биротоло тапшырып, анан шайлоого барууга тийиш. Өкмөт иштеши керек да. Анан калса шайлоо адилеттиги да ошону талап кылат. Талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүлүшү керек да.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: