Жалал-Абад шаарында област аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштеген ак халатчандарга алардын кесиптик күнүнө карата сый-урмат көрсөтүлдү. Бул туурасында шаардыкмэриядан билдиришти.
КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков жана Жалал-Абад шаарыны социалдык иштери боюнча вице-мэри Айзат Раматиллаева баштаган жетекчилер ак халатчандарды кесиптик майрамы менен куттуктап, жакшы каалоолорун айтышты. Өз ишинде ийгилик жараткан ак халатчандарга сыйлык тапшырылды.
Салтанат убагында областтагы саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Маматжан Миянов баштаган ак халатчандардын калкка көрсөтүп жаткан медициналык тейлөө багытындагы үзүрлүү иши, областтагы ушул тармакка тиешелүү өсүштөр, өз ишинин мыктылары тууралуу кеңири сөз болду. Ак халатчандарга арналып кеңири программадагы концерт берилди.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында бүгүнкү күндө жалпы 1201 кызматкер болсо, анын 477си даарыгерлер. Анын ичинен 175и КРнын саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери сыйлыгынын ээси. Ал эми эмгек сиңирген медицина кызматкери наамын 5даарыгер алган. Азыркы тапта анын экөөсү ардактуу эс алууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ