Чет өлкөлөрдө мигрант болуп иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 740 миңден ашуун экенин мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов билдирди.
Анын айтымында, Орусияда жүргөндөрдүн саны 600 миңге, Казакстанда 29 миңге жакын, 15 миңдейи Түркияда жана Түштүк Кореяда 5 миңге чукул кыргыз жараны бар. Орусиянын миграциялык кызматынын «кара тизмесине» киргендердин саны 2015-жылдын январь айына карата 180 миң адам болсо, былтыр бул сан 106 миң болуп азайган.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ