Menu

Депутаттар тобу узак жылдар иштеген мугалимдердин пенсиясын көбөйтүү демилгесин көтөрүүдө

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште мугалимдердин пенсиясын көбөйтүү максатында иштелип чыккан “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Демилгечилер – КСДП фракциясынын депутаттары Евгения Строкова, Гүлкан Молдобекова, Чыныбай Турсунбеков, Иса Өмүркулов, Альфия Самигуллина, Улан Примов, Дастан Бекешев, Аалы Карашев, Осмонбек Артыкбаев, Абдывахап Нурбаев.

Депутат Евгения Строкова айтымында, мугалимдик кесиптин абыроюн арттыруу жана мугалимдердин эмгегин жогору баалоо максатында, 20-25 жыл мугалим болуп иштегендерге 10 миӊ 346 сом, андан ашык иштегендерге 12 миӊ 933 сом чектөө демилгеси көтөрүлүүдө.

Ошентип, бул мыйзам кабыл алынып калса, 20-25 жыл мугалим болуп иштегендердин пенсиясы 1 эсе, андан ашык иштегендердики 1,5 эсе жогорулайт. Ал үчүн мамлекеттик бюджеттен жылына 1 млрд 173 млн сом көлөмүндө кошумча каражат талап кылынат. Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирүүгө тийиш.

Дарыгерлердин пенсиясы өтө төмөн экенин белгилеген депутат Гүлшат Асылбаева мыйзамга аларга да ушундай эле пенсиялык шарттарды кароо сунушун берди. Депутат Мирлан Бакиров социалдык тармактарда иштеген жарандардын пенсиясын комплекстүү кароо зарылдыгын белгиледи. Мындай жөндүү сунуштарды бир катар депутаттар колдоду.

Ал эми депутат Зиядин Жамалдинов мыйзам долбоору боюнча Өкмөттүн корутундусу жок болгондуктан, аны кийинчерээк кароону сунуштады. Каржы министрлигинин өкүлү мыйзам долбоору азырынча кошумча каржы булактары тактала электигин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: