Menu

Жалал-Абадда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматтары 26 жылдык маарекесин белгилешти

Бөлүшүү:

Жалал-Абадда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад областтык башкармалыгы ушул тармактын түзүлгөндүгүнүн 26 жылдык мааракесин белгилеп, жалпы коомчулук бул тармактын кызматкерлерине сый-урмат көрсөтүштү. Бул туурасында шаардык мэриядан билдиришти.

Бул иш-чарага Жалал-Абад шаарынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри Бакыт Байтиков баштаган жетекчилер жана ӨКМдин кызматкерлери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Б. Байтиков ары жоопкерчиликтүү жана кооптуу кнсиптин ээлери болгон кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, алардын түйшүктүү иштеринде ийгиликтерди каалоо менен бирге, чың ден-соолук тилеп өттү. Мындан сырткары, өз ишинде артыкчылык көрсөткөндөргө Ардак громаталар, диплом жана төш белгилер ыйгарылды.

ӨКМдин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов быйылкы жылда бул  армактын кызматкерлери кыйла түйшүктөрдү тартышканын баса белгиледи.  .

-Быйылкы жыл өлкөбүз үчүн өтө оор жылдардын бири болду десем болот. Анткени, катар-катар жер көчкү, сел жана кар көчкүлөр биздин шаштыбызды алып, бир топ эле убара керчиликке салды. Ошентсе да, элдин коопсуздугун биринчи орунга коюп күн-түн дебей кырсык болгон жерлерде байырлап жүрдүк, – дейт ал.

Эске сала кетсек, жыл башынан бери областта 188 өзгөчө кырдаал катталган, анын 142си чоң кырсыктар болуп саналат. Жалпылап айтканда, 52 жолу жер көчкү, 59 жолу кар көчкү, 9 жолу суу ташкындоо, 8 жолу катуу шамал жүз берген. Өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен област боюнча 27 көпүрө жараксыз абалга кептелсе, анын 16 калыбына келтирилген. Быйылкы жылы өзгөчө кырдаалдын кесепетинен 7 адам каза тапты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: