Бүгүн, 29-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда “Заноза” сайтына, анын негиздөөчүлөрүнүн бири Нарын Айыпка жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага каршы 3 соттук процесс биринин артынан бири өттү.
Айыптоочу прокурор адвокаттар менен айыпталуучулардын суроолоруна жооп бералбай соттун да шайын оодарды. Акырында сот эртеңге, 30-июнга жылдырылды.
Эсиңиздерге сала кетсек, КР Генпрокуратурасы “Заноза” сайты, анын журналисти Нарын Айып жана укук коргоочу Чолпон Жакупова президент Алмаз Атамбаевдин кадыр-баркына доо кетирди деп сотко кайрылган.
Видео Сентябрь ТВ
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ