3-июлда саат 10:00дө боло турган маданияттын эмгек сиңирген ишмери, УИАнын корреспондент-мүчөсү, философия илимдеринин доктору, профессор Теңдик Аскаровдун 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференциясы өтөт. Бул туурасында УИАнын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарада Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу М.Жуматаев, академиктер А.Акматалиев, Т.Садыков, Т.Койчуев, А.Какеев, КРнын Жазуучулар союзунун төрагасы А.Рыскулов жана башка илим тармагында эмгектенген ишмерлер куттуктоо сөздөрү менен чыгышат.
Конференцияны УИАнын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институту уюштурууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ