Бишкек мэриясы 11 гектар жерге аквапарк салмакчы болуп атыптыр. Албетте өлкөбүздүн ордосу болгон Бишкектин бюджетинде каражат жагы жакшы эле. Бирок ошол акчанын каяктагы аквапаркка жумшабай, карапайым калкка үй курушса болбойт беле. Бишкекте жүз миңдеген адам өз үйү, өлөң төшөгүнө жете албай арманга батып келишет. Илгери Нариман Түлеевдин, кийин Иса Өмүркуловдун тушунда “үлүштүк курулуш” деген долбоор иштеп, ондогон адам арзан турак жайга жетти эле. Кулматов келип, ал долбоорду да кууратып кетти. Азыркы мэр аш десе ашка, иш десе ишке тойбой жакшы эле күпүлдөп иштеп жаткансыйт. Албек мырза, байкуштардын турак-жайын да байкаштыра жүрчү, байболгур!
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ