Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов өзү түзүк эле жигит болгону менен, Патрулдук милиция башчысы Талант Барпиевди тартипке чакыра албай, мыйзамсыз иштерин факты менен көрсөтүп жазып берсек да эч кандай чара колдоно албай отурат. Же Барпиевдин «крышасы» Скандалбектен коркуп жатабы? Андан эмнеге коркот, же косягы барбы? Таза болсо коркпойт эле бул жигит. Курманкулов кок жалдыгы бар, мыкты кадр экенин билебиз. Бирок, кашайып бирок болуп жатпайбы. Болбосо Барпиевдин мыйзамсыз иштерине бир нерсе дейт эле го. Иштебеген эле адамдарды иштеди деп айлык берип жаткан эмне кылмыш эмеспи, же мамлекеттин акчасына баары эле кайылбы? Самат мырза бир нерсе деңизчи, байболгурдуку…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ