ИИМ министрлигинин Ички коопсуздук кызматынын башчысы Искандарбек деген жигит тууралуу көптөн бери жазып келебиз. Аябагандай трайбалист экенин да айтканбыз. Ошол жигит учурда өзүн Улан Исраиловдун ордуна министр сезип алыптыр. Исраиловду мурдунан чүлүктөп алып, кадрдык маселени өзү чечип жаткандыктан, таластык жигиттин өпкөсү сыртына чыгып калганына көп болгон. Эми Искандарбектин Скандалбек атка конгонун айтып берели. Кечээ жакында Таластан төркүнүнөн келе жатып, жолдон МАИ тозсо «сен эмне мени тааныбайсыңбы?» – деп кекетиптир. Тигил кызматкер да таянган тоосу Скандалбектикинен да жогору экен, «тааныбайм, сен кимсиң?» – дептир. Ызаланган Скандалбек ызасына чыдабай ызы-чуу көтөрүп, ыйлагыдай эле болуптур. Аны катардагы кызматкерлер тааныгыдай ал ким өзү? Министрби? Ички коопсуздук кызматындагылар эч кимге билинбей тымызын иштеш керек да ботом. Бул эмнеси? Эртелеп эле өзүн министр сезе баштаганына жол болсун. Мына ушундай Скандалбектин окуясы…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ