Menu

Мушкер эми Көлбаевдин камчысын чаппайбы?

Бөлүшүү:

Акыркы жылдары кайрымдуулук иштери менен алек болуп, далай адамдын сообуна калган белгилүү алып баруучу Ассоль Молдакматова социалдык тармактагы баракчасына: “Кикбоксер Улан Касымбековго москвалык клиникада ийгиликтүү операция жасалды. Каражаттын көбүн “Вор в законе” Камчы Көлбаев төлөп берди. Ал үчүн ага чексиз рахмат айтам. Белгилүү олигархтарга, өлкөбүздүн спорт жетекчилерине окшоп унчукпай койсо деле болмок” – деп жазды. Албетте жакшы иш болуптур. Кыргыз намысын коргогон мушкерибизге ден соолук каалайбыз. Бирок “вор в законе” каржылады дегени кулакка башкача угулат экен. Камчы Көлбаевге дагы рахмат дешибиз керек. Бирөөнүн ажаатын ачып, ден соолугун кайрып берген оңой-олтоң иш эмес. Бул иш ар кимдин эле колунан келе бербейт. Бирок, ал каржы кайдан келди, таланттуу мушкерибиз эртең Камчынын камчысын чаппайбы деген суроолордун түйүнү бизди түйшөлтүүдө. Камчы Көлбаев чын көңүлүнөн берсе, кыргызга чындап күйсө Касымбековду каралардын кандуу дүйнөсүнө аралаштырбастыр…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: