Menu

Жалал-Абад облустук бийлиги Ханнс Зайдел фонду менен кызматташууга кол койду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-июнда Жалал-Абад облустук бийлиги жана Ханнс Зайдел фонду  эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков Ханнс Зайдел фондунун Борбордук Азиядагы долбоорунун жетекчиси Макс Георг Майерге жана Фонддун мамлекеттик башкаруу Академиясынын стипендианттарына Жалал-Абад облусу туурасында кеңири маалымат берди. Андан соң Ханнс Зайдел фондунун Борбордук Азиядагы долбоорунун жетекчиси доктор Макс Георг Майер ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты тарабынан жылуу достук маанайда уюштурулган кабыл алууга терең ыраазычылыгын билдирди. Ал өз сөзүндө Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга мыкты кадрларды даярдоодо жүргүзүп жаткан иш-аракеттерине кыскача токтолуп кетти.

—    Фонд тарабынан бүгүнкү күнгө карата 1500дөн ашуун стипендианттар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо боюнча атайын окуулардан өтүштү. Жалал-Абад облусунун өзүнөн эле 154 стипендиаттар бүтүрүп чыгышты жана учурда дагы окуп жатышат,- деди Ханнс Зайдел фондунун Борбордук Азиядагы долбоорунун жетекчиси, доктор  Макс Георг Майер.

Андан соң КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков жана Ханнс Зайдел фондунун Борбордук Азиядагы долбоорунун жетекчиси Макс Георг Майер эки тараптуу тыгыз кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: