Menu

Президенттик таймашка катышам дегендердин саны ондон ашты

Бөлүшүү:

Президенттик таймашка катышам дегендердин саны ондон ашты. Алар: “Ак Шумкар” партиясы көрсөткөн мурдагы премьер-министр Темир Сариев, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана өзүн-өзү көрсөткөн “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Эл аралык Борбор Азия университетинин ректору Камила Шаршекеева менен экс-акыйкатчы жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы Назарбек Нышанов, “Аурдин” ишканасынын директору Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова, Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев жана Латвиянын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлү Сайнидин Султанидинов.

Арийне сандан сапатка өтө турган мезгил келди. Сандалган саны көп талапкерлерден көрө саналуу илимдүү, билимдүү, калайык калк алдында кадыры бар, арты таза адамдар ат салышса дурус болмок. Шайлоочуларга да тандоого оңой болмок.

Президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. Талапкер болууну каалагандардан арыздар 1-августка чейин кабыл алынат.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: