“Мен Өмүрбек Чиркешовичтин атасы Бабанов менен чоогу иштеген адаммын. Атасы Таласты гүлдөткөн жетекчи болгон. Эми уулу Өмүрбек Кыргызстанды гүлдөткөн жетекчи болсун. Келечек президентибиз, уулум Өмүрбекке кааларым сени шайлаган эл кийин өкүнбөгөндөй, эл ишенимин аткарган президент бол. Биздин ишенимди актады деп эл кубансын”, – деп бата берди кыргыз саясатынын аксакалдарынын бири Үсөн аке Сыдыков бүгүн, 1-июлда Бишкекте өтүп жаткан “Республика-Ата-Журт” партиясынын элдик курултайында алгачкылардан болуп трибунага чыгып.
2005-жылдагы Март революциясынын “серый кардиналдарынын” бири Үсөн аке Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыков 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо “Республика-Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Азыркы учурда партиянын лидери Өмүрбек Бабановдун командасында жүрөт.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ