Атамбаев 1-июлда, өлкөнүн Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына республикалык бюджеттин каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылышын контролдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле Эсептөө палатасынын 2016-жылдагы ишмердигинин жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.
Улукбек Марипов ошондой эле мамлекеттик аудиттин системасын реформалоо, аудиттин эл аралык стандарттарына өтүү жана укук коргоо органдары менен өз ара кызматташууну жакшыртуу туурасында айтып берди.
Президент Алмазбек Атамбаев бюджеттик каражаттардын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында өткөрүлүп жаткан контролдук иш чаралардын сапатын мындан ары жогорулатуунун зарылдыгын баса белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ