Menu

Сооронбай Жээнбеков Тогуз-Торо районундагы социалдык объектилерге барды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков 30-июнда, Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы жалпы дарыгерлик практикалык Борборунун абалы менен таанышты. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Аталган медициналык мекеменин башкы дарыгери Алмаз Иманкулов маалымдагандай, борбор 1980-жылдары курулган. Учурда оорукана 70 орунга ылайыкталып – хирургиялык, стоматологиялык, реанимация, төрөт жана жугуштуу оорулар болуп беш бөлүмдөн турат.

«Имаратка көп жылдан бери капталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн айрым жерлеринен суу тамчылап эскилиги жеткен. Мындан сырткары желдетүүчү системалары да иштен чыгып, айрым бөлүмдөрүндө суу жок. Жыл сайын оорукананын жамаатынын күчү менен косметикалык оңдоолор болуп турат, бирок бул маселени чече албай келет. Болжол менен оорукананы жалпы капталдык оңдоодон өткөрүүгө 9 млн сом керектелет», – деди башкы дарыгер.

Абалды жеринен көрүп чыккан Өкмөт башчы, Өкмөт аймактарда социалдык объектилерди курууга жана аларды оңдоодон өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурарын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга аталган оорукана боюнча Өкмөткө деталдык сунуш киргизүүнү тапшырды.

Андан ары  Премьер-министр Тогуз-Торо районунун Арал айыл аймагындагы Б.Рустамбеков атындагы орто мектептин курулушу менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалымдагандай, мектептин эски имараты 1961-1986-жылдары курулган эки корпустан турат.  Азыркы учурда мектепте  410 окуучу билим алып, бардык зарыл болгон материалдык-техникалык база жетиштүү.

Мурдараак мектептин эски имараты капиталдык ремонттон өткөн. Бирок имарат эски болгондуктан жаңы мектепти куруу муктаждыгы келип чыккан. Жаңы долбоорго ылайык, мектептин имараты эки кабаттуу болуп, 225 окуучуга ылайыкталган.

Мектептин курулушу 2016-жылы «Жерүй» алтын кенин иштетүүгө лицензияны  сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен башталган.

Бүгүнкү күндө окуу имаратынын биринчи кабатынын  курулушу аяктады. Долбоордун жалпы сметалык наркы 55,2 млн сомду түзөт.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бардык курулуш иштерин так аткаруу менен  объектини өз мөөнөтүндө сапаттуу аягына чыгарууну тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: