Menu

Ысык-Көлдө “Аалам” партиясынын 10 жылдык мааракеси өткөрүлдү

Бөлүшүү:

2017-жылдын 1-июлунда Ысык-Көл областынын Тоң районуна караштуу “Шор Булак” айылында “Аалам” саясий партиясынын 10 жылдык мааракеси өткөрүлдү.

Маараке кыргыз бермети Ысык-Көлдүн жээгинде болду. Шор Булак айылы менен кошо Тоң районунун жашоочулары 40 боз үй тигишти жана конференцияга катышкандар сый конок болушту. Конференцияда Ысык-Көл облусунун тургундары, басма сөз өкүлдөрү жана өлкөнүн 7 областынан келген коноктор болду.

Мааракенин салтанаттуу ачылышы “Манас” айтуу менен башталып, элге концерт тартууланды. Андан соң Шамиль Жапаров режиссерлук кылган “Аккан арыктан суу агат” деген аталыштагы “Аалам” партиясынын лидери Арсланбек Малиевдин өмүр баянын чагылдырган 40 мүнөттүк даректүү тасма көрсөтүлдү. Фильмдин акырында партиянын лидерлери Арсланбек Малиев жана Жылдызкан Жолдошева элге кайрылуу жасап, ыраазычылык билдиришти.

Иш чарага конокко келген “Манас Ордо” коомунун жетекчиси Анарбек Усупбаев сөз сүйлөп, Таластан иш чарага эки автобус болуп адамдар келгенин айтты. Өз сөзүндө Усупбаев “Малиев таза саясатчы, биз, Талас эли Малиевди Президенттикке талапкерлигиңди кой деп суранып жатабыз” деди. Ушундай эле сунушун коноктордун бири катары келген коомдук ишмер Азимбек Бекназаров билдирип, “Президент боло турган акыбалдасың, талапкерлигиңди кой” деди. Андан сырткары конференцияда Малиевдин биринчилерден болуп “Кумтөр” маселесин көтөргөндүгү да айтылды. Бекназаров өз сөзүндө дал ушул “Кумтөр” жөнүндө кеп козгоп, Арсланбек Малиевге “Президент болуп “Кумтөрдү” сен чечпесең, ал маселе чечилбейт” деп кайрылды.

Иш чаранын расмий бөлүгүнүн жыйынтыгында жалпы келген эл алакан жайып “Аалам” партиясына, анын ичинен жетекчилери болгон Жылдызкан Жолдошева, Арсланбек Малиевге ак бата беришип, чепкен жабышып, Малиевди атка мингизишти.

Ал эми жалпы маараке кыргыздын улуттук оюну Ат чабыш менен аяктады. Ат чабыш партия тарабынан уюштурулуп, баш байгеге 2 автоунаа жана башка баалуу белектер коюлду.

Булак: “kyrgyztoday.org

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: