Menu

Темир Сариевдин эртелеп мынча “пиар” болушу анын соттолуп же оттолуп, мародер же коррупционер болушунан улам эмес

Бөлүшүү:

Темир Сариев деген ысым акыркы бир жылда эң көп айтылган ысымдардын алдыңкы катарынан орун бербей келет. Темир мырзанын мынча “пиар” болушу анын соттолуп же оттолуп, мародер же коррупционер болушунан улам эмес. Анын аракети, иши, элге кылган мээнети анан да өзүнүн бышып жетилген саясатчы болгондугунан улам Сариев деген ысымды азыр ар бир кыргызстандык жакшы маанайда оозанып туру.

Ырас, ажо жарыш жакындап келет. Элге анча-мынча төбөсү көрүнгөндүн баары эле ажо болгусу келип жатат. Алды жарыштын тилкесие эмитеден эле туруп алышты. Чуркоону гана күтүп. Маселен, мурунку өкмөт башчы Темир Сариев быйыл боло турчу президенттик шайлоого катыша тургандыгын ачык айтып, эрте, атургай өтө эрте аракет жасап келет. Аныгында, Темир Аргенбаевичтин президент болуу амбициясы быйыл эле ойгоно калган жок, президент болуу кыялы тээ илгертеден бар.

Эске сала турган болсок, Темир мырза 2009-жылы болгон президенттик шайлоого катышкан жайы бар. Деген менен Сариев ажо болобу, болбойбу ал Кудайдын колунда, тагдырдын иши. Кантсе да эл жүгүн көтөрөм дегендердин катары калыңдап турса эмнеге болбосун?

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: