Menu

“Де Факто” гезити Бакыт Төрөбаевден кечирим сурады

Бөлүшүү:

“Де Факто” гезити өзүнүн 30-июнь күнү чыккан санында “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевден кечирим сурап, алдыдагы Президенттик шайлоодо ага колдоо көрсөтүп, иштешүүгө даяр экендигин билдирген макала жарыялады. Анда макаланын текстин эч өзгөртүүсүз беребиз:

“Окурман журту, саясый айдың жакшы билсе керек. Дегеним, «Де-факто» гезитин Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» саясий фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев сотко бергени маалым. 27-июнь күнү болуп өткөн «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын кезектеги сьездинде Бакыт Эргешовичке редакторубуз Амантур Мусагул уулу жолугуп жылуу пикир алышты. Бакыт мырза өлкө башчы болом деген эр азаматтарыбыздын бири. Арийне, ажо деген кечиримдүү, айкөл болушу керек эмеспи. Эргешовичтин сөзүнөн деле кектөөнү, таарынычты көрө алган жокпуз. Андыктан биринчи биз кадам таштап, «Эр чекишпей бекишпейт» дегендей гезиттен кемчилик кеткен болсо ак чөп башта айтып, башыбызды ийе Бакыт мырзадан кечирим сурайлы. Бүгүнкү кырдаал соттошуп олтура турган мезгил эмес да, анын үстүнө соттошуудан «Де-факто» гезити деле, Бакыт Эргешович деле аброй таппайт. Андыктан Бакыт мырза деле туура кабыл алат деген ойдобуз. Алдыдагы ажо жарышта Бакыт мырзага маалыматтык жаатта колдоо көрсөтүп, иштешүүгө ар дайым даяр экендигибизди айта кетмекчибиз”.

Эске салсак Бакыт Төрөбаев “Де Факто” гезитин жалган маалымат тараткандыгы үчүн Ленин райондук сотуна кайрылып, гезитти 5 млн. сомго сотко берген.

Булак: “kyrgyztoday.org

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: