Menu

Өз фракциясына шаасы келбеген Төрөбаев өлкөнү кантип башкарат?

Бөлүшүү:

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы 27-июнда курултай өткөрүп, партия лидери Бакыт Төрөбаевди президентикке көрсөттү. Төрөбаев учурда 44 жашта, Жогорку Кеңештин депутаты. Бакыт мырза жетектеген «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын Жогорку Кеңеште 13 депутаты бар. Бирок фракция ичинде ыйкы-тыйкы күчөп, ынтымак ыдыраган. Төрөбаевдин баарын бир муштумга бириктирип кармаганга шаасы жетпей калды.

Тынчтык Шайназаров, Мирлан Бакиров, Зиядин Жамалдиновдон башкасы жүз буруп кетишти. Учурда анын баары Сооронбай Жээнбековго иштешүүдө. Мындан улам, бир ууч фракциясына кадыры жок болуп, башкара албай жаткан Төрөбаев кантип мамлекет башкарганга дарамети жетмек эле деген сөздөр айтыла баштады. Айрымдар бир кезде «Республика» партиясы менен депутат болуп келгенде Өмүрбек Бабановдун «далысына бычак сайып», 4 депутат менен өзүнчө «Өнүгүү» деген топ түзүп, фракциянын ынтымагын кетирип бөлүп-жарды эле, эми ошол «куйтулук» иши өз башына муш болуп тийип отурат деп табалары канууда. Көрсө, «бирөөгө op казсаң тайыз каз, өзүң түшүп калышың мүмкүн» деп таасын айтылган тура…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: