Өмүрбек Бабанов БШКга өзүн-өзү Кыргызстандын президенттигине талапкер катары көрсөткөндүгү тууралуу арызын берди. Бул туурасында БШКдан билдиришти.
Эске салсак, буга чейин БШКга өзүн-өзү президенттикке талапкер катары көрсөткөндөрдөн “Укуктук анализ институтунун” жетекчиси Рита Карасартова, “Лига-Антикризис” коомдук уюмунун жетекчиси Назарбек Нышанов, “Зима не будет” деп таанымал болгон Арстанбек Абдылдаев, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, латвиялык “Маро” фирмасынын Бишкектеги филиалынын жетекчиси Сайнидин Султанидинов, ишкер Бакыт Дегенбаев өз арыздарын беришкен. Андан сырткары дагы экс-билим берүү министри Камила Шаршекеева жана жергиликтүү коопсуздук боюнча эл аралык деңгээлдеги эксперт Таалатбек Масадыков арыздарын берген. Ал эми “Акшумкар” партиясы президенттикке өзүнүн лидери Темир Сариевди көрсөткөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ